Бүгүн, 10-апрель саат 08:00гө карата Кыргызстанда дагы 18 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабарлады.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 8, (Кемин району – 6, Токмок шаары – 1, Аламүдүн району – 1), Жалал-Абад облусунда – 3. (Сузак районунда – 2; Жалал-Абад шаары – 1) катталган.
Вирусту жуктургандардын арасында 5сү медицина кызматкерлери.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 298ге жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 98 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 89 адам;
– Ош шаарында — 36 адам;
– Бишкекте — 42 адам;
– Нарын облусунда — 10 адам;
– Чүй облусунда — 15 адам;
– Баткен облусунда — 4 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 4 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ