Кыргызстанда таажывирус илдети менен жабыркагандардын арасында 8 адамдын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Айтымында, стационарларда дарыланып жаткан 254 бейтаптын ичинен 8 жарандын абалы оор.
Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 298 адам жабыркоодо. Ал эми 5 адам вирустун кесепетинен көз жумду.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ