6-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан келген 17 жарандын ПЧР анализдердин барынан таажывирусу аныкталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
“Бактыга жараша, жүргүнчүлөрдөн COVID-19 инфекциясы чыккан жок” – деп билдирди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, 6-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан чартердик каттам 17 кыргызстандык учуп келген. Алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына, калган 12 адам обсервацияга жаткырылганы маалым болгон.
Күн мурун, 9-апрелде Тышкы иштер министрлигинин орун басары Нуран Ниязалиев онлайн брифингде 6-апрелде Екатеринбург шаарынан чартердик рейс менен учуп келген 17 адамдын ичинен 7 кишиден таажывирусу аныкталганын айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ