Клиникалык протоколго ылайык, таажывирусун жуктуруп алган адамдарды негизинен вируска каршы дарылар менен дарылоо сунушталат. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, бейтаптарды дарылоодо “лопинавир”, “гидроксихлорохин”, “ритонавир” дары-дармектери колдонулуп жатат. Ал дарылоо оорунун симптомдоруна жараша боло турганын белгиледи.
“Дарылар жетиштүү көлөмдө. Бизде запаста антибиотиктер жана башка керектүү дары-дармектер бар” – деп билдирди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 298 адамдан таажывирусу аныкталган. 5 адам илдеттен улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ