Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери 28 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди .
Кырсыктан 39 адам, анын ичинде 3 өспүрүм жабыркаган.
Ошондой эле, 25-марттан 9-апрелге чейин 633 кылмыштын бети ачылган.
25-мартта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ