Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат.

Азербайжан Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышаары күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: