Menu

Бишкек шаарында өткөн суткада 37 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында өткөн суткада 37 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Бишкек шаары боюнча абал туруктуу. Өткөн сутка ичинде 37 адам коменданттык саат эрежесин бузду. Анын ичинен үчөө чет өлкөнүн жарандары. Ал эми өспүрүмдөр жок. Мындан тышкары, өзгөчө абал киргизилгенден бери 1 миң 608 адам коменданттык саат эрежесин бузуп катталды. Анын ичинен 58 адам чет өлкөлүк жарандар”, – деди комендант.

Борбор калаада тукурсуздукту болтурбоо максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы тарабынан коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

3 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: