Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Урматтуу Президент, Абылгазиевди кетирип премьер-министрликке Акылбек Жапаровду же Марат Султановду коюп бериңиз”

Бөлүшүү:

“Мен президентке кайрылуу жасайын дедим эле, өкмөттүк же регионалдык маалымат каражаттары же алардын регионалист жетекчилери мага мүмкүнчүлүк беришпейт, ошондуктан менин үнүмдү президентке жеткирип койсоңор”, – деп кайрылды бүгүн, 10-апрелде Нарындан Апрель баатыры, Нарынга берилген гуманитардык жардамдарды бөлуштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Бактыгүл Жумабаева.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз эмне үчүн эки жылдан бери өлкөнү алдыга тарта албаган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министрлик кызматта кармап олтурасыз? Мен ушуга түшүнбөйм. Балким ага мынча “жыл эч кимге тийгизбейм” деп убада бергенсизби  же башка себеби барбы билбейм, ал сиздин алдыңыздан ор казып жатса да аны корголоп-сактап жатасыз. Экономиканы тарта албаганы – ал сиздин алдыңыздан ор казганы. Кийин анын жаманаттысы баары бир сиздиң атыңызга калат. Эч ким Абылгазиевдин заманында кыйналдык эле деп айтпайт, баары Жээнбековдун заманында ушундай болду эле деп айтышат. Мен негизинен сиздин саясатыңызды колдойм. Көп жакшы иштерди кылып жатасыз. Айрыкча коррупционер-президент, коррупционер-премьер-министр жана мэрлерди түрмөгө салганыныз туура болду деп эсептейм. Бирок ушул мажирөө премьер-министр Абылгазиевди кармап олтурганыңызга биз нааразыбыз. Анын ордуна экономиканын мыйзамдарын жакшы билген, түшүнгөн, пайдалана билген Акылбек Жапаров же Марат Султановду алып келсеңиз өлкө экономикалык жактан алдыга жыла баштайт болчу. “Чымынды сойсо да касапчы сойсун” дегендей азыр экономикасы сазга баткан Кыргызстанга экономиканын касапчылары керек. Акылбек Жапаров менен Марат Султанов экономиканы же финансыны башкарган жылдарга анализ жасатып көрүңүз, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү аябай жакшырган. Колунан иш келген жигиттер. Ал эми өмүр бою социалдык фонддо иштеген Абылгазиев пенсияны жакшы бөлүштүрүп бергенден башка эмне билмек эле? Түндүктөн коём десеңиз Акылбек Жапаровду, түштүктөн коём десеңиз Марат Султановду тандаңыз, жаңылбайсыз. Жакшысы Акылбек Жапаров эле болот, анткени мен билем, Марат Султановду койсоңуз жердешчилдер “өзүнүн үкасин коюп алды” деп айыпташат. Атамбаев президент кезде Темир Сариевди, Бабановду, Исаковду премьер-министр койгондо кол чаап олтургандар да сизди “өзүнүн үкасин коюп алды” деп айыпташат. Ошондуктан Акылбек Жапаровду премьер-министр, Марат Султановду 1-вице-премьер кылып дайындап берсеңиз өлкөбүз алдыга жыла башташын бөркүңүздөй көрүңүз. Ушул экөөсүнүн азыр сазга батып бараткан кыргыз экономикасын сактап калуу колунан келет. Калыс болуңуз. Бир жолу бизге окшогон карапайым кишилердин да пикирин угуп койсоңуз жакшы болот эле”, – деди Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: