Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алгандардын арасында кош бойлуу аял дагы бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, кош бойлуу аял Ош шаарындагы “Кардио Азия” клиникасында жатат.
“Ал аял кош бойлуулуктун 37-жумасында. Ал көз жаргандан кийин, биз аны Ош шаарындагы перинаталдык борборундагы обсервация бөлүмүнө жиберебиз” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Ал таажывируска шектелген жана жуктуруп алган кош бойлуу аялдар үчүн Ош жана Бишкек шаарларындагы перинаталдык борбордун эки бөлүмү обсервацияга бөлүнгөнүн кошумчалады.
“Ошто – шаардык перинаталдык борбор, ал жакта 33 орунга эсептелген, ал эми Бишкекте – №2 төрөт үйү” – деп билдирди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 298 адамдан таажывирусу аныкталган, 5 адам илдеттен улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ