Тез жардам унаалары Жапон өкмөтүнүн “Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу” боюнча гранттык программасынын алкагында “Тоолорду куткаруу” коомдук Фондуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Белгиленгендей, автоунаалар “Тез жардам унаалары” долбоорунун алкагында берилген.
2019-жылдын 1-мартында кол коюлган гранттык келишимге ылайык, «Тоолорду куткаруу» долбоордун алкагында жалпы суммасы 96 171 долларга төрт тез жардам автоунаасы өткөрүлүп берилди.
Тез жардам унааларын коомдук фонд Бишкек, Каракол жана Ош шаарларында колдонот. Ошондой эле, эки унаа Кемин жана Ак-Суу райондук аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары, Жапон дипломатиясын илгерилетүү коому «Тоолордо куткаруу» коомдук фондунун айдоочулары жана Ак-Суу жана Кемин райондорундагы тез жардам унааларынын айдоочулары үчүн тренинг өткөрүштү. Япониядан келген инструкторлор аппараттардын жана медициналык шаймандардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.
Долбоор боюнча автоунааларды расмий тапшыруу аземи таажывирус илдетинин жайылышы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин өткөрүлмөкчү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ