Пакистанда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн туугандарынын макулдугу менен Пакистанга коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде республикалык штабдан кабарлашты.
Кечээ, 9-апрелде У.А. аттуу 1947-жылы туулган кыргызстандык жаран жүрөк оорусунан каза тапкан, андан таажывирусу бар экени да аныкталган.
Каза болгон жарандын таажывируска тапшырган экинчи тесттеринин жыйынтыктары күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. 73 жаштагы жарандын өнөкөт оорулары да бар болгон.
Белгилей кетсек, Пакистанда жалпысынан 7 кыргызстандыктан таажывирусу аныкталган. Алардын арасынан 1 бейтап каза болду, калган 6 жаран обсервация жайларында жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ