Menu

61,5 миң сом салынган терминалды уурдап кеткендер аныкталды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери 61,5 миң сом салынган терминалды уурдап кеткен шектүүлөрдү аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Шектүүлөр «Коопсуз шаар» долбоорунун жана ШИИБдин камераларына тартылып калган. Азыркы тапта аларды таап, кармоо иштери жүрүп жатат. Толук маалыматты дагы билдиребиз”, – деди Орозалиев.

Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан терминал 6-апрелде түнкү саат экиде уурдалган. Анын ичинде 61 миң 500 сом суммасындагы акча каражаты болгон. Ал эми терминал өзү 1,5 миң долларга бааланат.

Учурда бул факт Свердлов РИИБ тарабынан уурулук фактысы катары катталып, ыкчам иштер жүрүп жатат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: