Menu

Казакстанда таажывирус илдетин жуктурган аял дени сак ымыркай төрөдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-апрелде Казакстандын Кызылорда облусунда таажывирус илдетин жуктурган аял дени сак ымыркай төрөдү. Бул тууралуу Казакстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, ымыркайдан алынган анализдин жыйынтыгы инфекция жок экендигин көрсөткөн.

Мындан бир күн мурун, 9-апрелде, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Кызыл-Ордада дарыгерлер таажывирус илдети аныкталган келиндин төрөтүн кабыл алышканын маалымдаган. Кош бойлуу келин провизордук төрөтканага 8-апрелде түшкөн. Анда сасык тумоонун белгилери болуп, дене табы 38,1 градуска жетип, таажывирус аныкталган. Төрөт жакшы өтүп, ымыркай кислород менен дем алдыруучу атайын жерге (кувёз) жаткырылып, апасы жугуштуу оорулар стационарына которулду. Ал эми нөөмөттөгү бригада дароо 2 жумага үй карантинге жөнөтүлгөн.

Учурда Казакстанда таажывирус илдети менен 802 бейтап жабыркоодо.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: