Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө ТМККга мүчө-мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди.

Мамлекет башчысы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирди.

«Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү бул илдеттин кесепеттеринен 20 пайызга азайышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттордун чек аралар аркылуу өтүүсү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитүү керек», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттеринин арасында жогоруда аталган товарларды экспорттоодо бааны төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механимздерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Ошону менен бирге Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүү тапшырмасын берүү туура экенин айтты.

«Бул платформанын алкагында ар кандай кооптуу оорулар менен күрөшүү максатында бирдиктүү дары-дармектердин виртуалдык базасын түзүү сунушталат. Онлайн платформа биздин мамлекеттерден келген жарандарды текшерүүнү, илдетке чалдыккандарды жана алар менен байланышкан адамдарды өз убагында аныктоону тездетет. Мамлекеттерибиздин ортосунда коронавируска каршы күрөшүү тажрыйбалары менен маалымат алмашуу жана чогуу аракеттенүү максатында саламаттыкты сактоо министрлеринин видео-конференциясын уюштурууга негиз болот», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары, азыркы күндө Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары коронавируска тиешелүү киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекендерине кайта албай, башка өлкөлөрдө калгандыгын кошумчалады.

«Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, Сиздерге оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде, Кыргызстан өзүнүн аймагында жардамга муктаж мүчө мамлекеттердин жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жогоруда белгиленген кыргыз тараптын сунуштары ортодогу боордоштуктун духуна шайкеш келерине жана колдоо табарына ишенимин билдирди. Уюмдун дарамети натыйжалуу пайдаланылса, алдыда турган кыйынчылыктарды бирге басып өтүүгө кеңештин мүчө өлкөлөрүндө бардык шарттар бар экендигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттеринин башчылары бири-бирин колдоо жана биргелешкен аракеттер менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө тезирээк ийгиликке жетишерин баса белгиледи.

Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттери — Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жетекчилигине учурдагы кырдаалда колдоо көрсөтүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылышы жана бул кырдаалдын созулушу — көп тобокелдиктерди жаратып жатканын кошумчалады.

«Бүгүн социалдык, соода-экономикалык жана миграциялык багыттагы көп көйгөйлөргө дуушар болдук. Биздин өлкөлөрдө илдеттин мындан ары жайылышын токтотуу үчүн чогуу жасай турган иш-аракеттер зарыл болууда. Ушул оор мезгилде бирге иш алып барып, тыгыз кызматташуубуз абдан маанилүү. Кыргыз элинде „Чогуу көтөргөн жүк — жеңил болот“ деген сөз бар», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: