Menu

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан азык-түлүктүн баасын кымбат саткандарга 100гө чукул эскертме берилген

Бөлүшүү:

13-марттан бери монополияга каршы агенттиги тарабынан азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөө максатында соода тармагында иштеген ишкерлерге 100гө чукул эскертме (предписания) берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, аларга айып пулдар салынып, 30 оорчундуу маселелер боюнча материалдар каржы полициясына өткөрүлүп берилген.

“Монополияга каршы агенттиги тарабынан айып пулдар салынып келе жатат. Буга чейин айып пулдардын көлөмү соодагерлерге 1000 сом болчу, 3-апрелде президентибиз мыйзамдагы өзгөртүүлөргө кол коюп, бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, азыркы өзгөчө абал учурунда айып пулдардын дагы көлөмдөрү өзгөргөн. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда азык-түлүктөр бекитилген баалардан кымбат сатылган фактысы такталган болсо, физикалык жактарга – 10 000 сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул салынышы мүмкүн” – деп билдирди Шухрат Сабиров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: