Ошто гуманитардык жардамга колунда бар адамдар дагы кайрылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрель күнү Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, азык-түлүк менен кайрылып, жардам сурагандардын арасында колунда бар, үйүндө керектүү азык-түлүгү адам да бар.
“Биринчиден, чыныгы муктаждарга жол берсек. Айрым жерлерге азык-түлүктү алып барса, үйүндө уну, азык-түлүгү бар, жетиштүү жашаган адамдар да болуп калып жатат. Бүгүн азык-түлүк түгөнөт же жетпей калат деген маселе жок. Бир гана 1-2 саат кечигип калышы мүмкүн. Бардыгына жетет, эч ким ачка калбайт” – деп билдирди комендант.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ