Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 21 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.
“Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 21 кылмыш иши катталды. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда бир сутканын ичинде 55 жаран кармалды. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми жол эрежелерин бузган 59 автоунаа айып короосуна жеткирилди”,- деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ