Бүгүн, 10-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн жыйын өткөрдү.
“Жарандар күндүз дагы дарыканага, дүкөнгө барыш үчүн тоскоолдуктар болуп жатат деп жатышат. Биз сиздерден суранып кетебиз азыркы болуп жаткан кырдаалды жана катуу тартипти туура тушүнүп коюнуздар. Жер жерлерде профилактикалык иш чараларды, түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатабыз. Себеби кээбир жарандар зарыл эмес жеке жумуштары менен коомдук жайларда жүрүшөт. Ошол себептен күчөтүлгөн тартип алып барган кызматтарыбыз коомдук жайларда көп жүргөн ар бир жарандарды кылдаттык менен текшерип, алардын эмне себептен чыккандарын тактап жатышат. Эгерде жарандар зарыл иш менен чыкса дагы өздүк документтерин жана керектүү кагаздардын алып жүрүүлөрү керек”,- деди Жоробеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ