Menu

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ун менен камсыздоо ишин улантууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жатат.

2020-жылдын 10-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан биринчи сорттогу 2881,7 тонна ун бөлүнүп, өлкө аймактарындагы, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы калктын аярлуу катмарына таратылууда.

Жалпысынан Ош облусуна 831,85 тонна ун бөлүнсө, анын ичинен өзгөчө абал режими киргизилген Ноокат районуна 401,85 тонна, 140 тонна Кара-Суу районуна берилди. Жалал-Абад облусуна – 891,85 тонна, анын 456,25 тоннасы Сузак районуна бөлүндү. Баткен облусу – 117,2 тонна;  Ысык-Көл – 267,6 тонна; Нарын – 186,5; Чүй – 136,4 тонна ун бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду бөлгөн ундун 130 тоннасы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарына, ал эми Бишкекке 320 тонна, Жалал-Абад шаарына 33,1 тонна ун берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: