Ош шаарынын мэриясы таажывирусун жугузуп алган бейтаптарды карап жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрель күнү Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен үйүнө барбай изоляторлордо иштеп жаткан 30 дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 каптан ун жана азык-түлүк берилген.
“Мэр изолятордогу дарыгерлердин өкүлү менен байланышып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирген” – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ош шаарынын мэри видео байланыш аркылуу таажывирусту жуктурган дарыгерлер менен сүйлөшүп, алардын ден-соолугун сурап, атайын комиссия балдардын жугуштуу оорулар ооруканасындагы абалды иликтеп жаткандыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы “Кардио Азия” клиникасында балдар жугуштуу оорулар ооруканасынын 5 дарыгери жатат, ал эми бөлүм дезинфекциялоо үчүн жабылган.
Кыргызстанда жалпысынан 298 адам таажывирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 39у медициналык кызматкерлер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ