Menu

ИИМ: Бишкек ШИИБи үчүн электрошокерлерди кымбат баада сатылып алынган фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-апрель күнү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милиция башкармалыгы үчүн электрошокерлерди кымбат баада сатылып алынгандыгы белгилүү болгон. Бишкек ШИИБи үчүн 400 даана элекрошокер 5600 сомдон сатылып алынгандыгы кабарланган. Бирок ошондой эле электрошокердин базардагы баасы 600 сомду түзөт.

ИИМдин басма сөз кызматы, аталган факт катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдайт.

Сатып алууларга ички аудит кызматы жана Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы тарабынан аудит жүргүзүлдү.

Берилген материалдардын негизинде, электрошокерлерди жана башка атайын шаймандарды сатып алуунун мыйзамдуулугун аныктоо максатында, материалдар Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана сотко чейин тергөө иштери башталды. Бул материалды иликтөөнүн жыйынтыгында акыркы процесстик чечим кабыл алынат” – деп ИИМдин маалыматында айтылат.

ИИМ: Бишкек ШИИБи үчүн электрошокерлерди кымбат баада сатылып алынган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: