Menu

Республиканын аймактарында 2020-жылдын 10-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 300,0 тонна ун, 3318 кг макарон, 1943 л өсүмдүк майы, 1661 кг күрүч,1965 кг кумшекер, 202 кг эт, 997 кг картошка жана 5922 пакет азык-түлүк продукциясы берилди. Ал эми, Араб фондусунан 1891 пакет азык-түлүк продукциясы түрүндө жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан 10 800 үй-бүлөгө жардам берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2 711,0 миң сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 20715 даана беткап, 525 л антисептик, 828 даана коргоо костюмдары, 12 050 даана кол каптар берилди.

Ош шаары:

Шаар боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 103 тонна ун, 4000 кг макарон,  5400 л өсүмдүк майы, 1900 кг күрүч, 1500 кг кумшекер, 150 кг эт, 8900 кг картошка берилди. Жалпысынан 4 331 үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 10 461,6 миң сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарына 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнүп, гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча атайы түзүлгөн комиссиясы тарабынан бөлүштүрүлүүдө. Жардамдын алгачкы партиясы 5-апрелде 50 тонна ун көлөмүндө шаардагы 605 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана 395 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылды. Калган 80 тонна ун дагы аярлуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилет.

Демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү үчүн мэрияда атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө бул эсепке 4,3 млн сом акча каражаты түшкөн.

Мындан тышкары, медициналык каражат түрүндө 0,8 тонна хлор, 21013 даана беткап, 1697 л антисептик, 104 даана коргоо костюмдары, 212 даана кол каптар жана башка каражаттар берилди.

“Элим барсынбы?” коомдук уюму аз камсыз болгон жарандарга, Кызыл Жарым Ай коому аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана СПИД Борборуна, “Жаңы муун” коому онкологиялык оорулууларга жардам беришти.

Ош облусу:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 620 тонна ун райондорго бөлүнүп, 12 400 үй-бүлөгө таркатылды.

Андан сырткары, облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары жеке ишкерлерден 148 000 тоннага жакын ун, 110.65 кг макарон, 78.275 л өсүмдүк майы, 3.598 кг күрүч, 4.1334 кг кумшекер, 2.949 кг эт, 1,9 тонна   картошка берилди. Жалпысынан 33 мин 144 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 518 146 сомду түздү.

Санитардык-гигиеналык нормаларды сакто жана дезинфекциялоо максатында 10.952 тонна хлор 223 233 даана беткап, 1.139 л антисептик, 3077 даана коргоо костюмдары, 377 708 даана кол каптар берилди.

Чүй облусу:

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 84355 тонна ун, 4436 кг макарон, 6409 л өсүмдүк майы, 2558 кг күрүч, 5932 кг кумшекер, 1565 кг эт, 14748 кг картошка берилди. Жалпысынан 6111 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 10895 тонна хлор 1915 даана беткап, 585 антисептик, 38 даана коргоо костюмдары, 700 даана кол каптар берилди.

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө 596,74 тонна ун, 8 063 кг макарон азыктары, 37199 л өсүмдүк майы, 11549 кг күрүч, 4 501 кг кумшекер, 561 кг эт, 3 849 кг картошка жана 7,8 млн сом финансылык жардам көрсөтүлдү. Облус боюнча 13536 үй-бүлөгө гуманитардык жардамдар берилген.

Буга катар 13792 кг хлор, 18759 даана бет кап, 1056 даана коргоо костюмдары, 127643 даана кол кап, 498 даана атайын көз айнетер, 3643 л антисептик, 1030 даана тепловизор жана термометр, 13 даана хлор чачуучу жабдык, 2 даана тез жардам автоунаасы берилген.

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө   жардам катары 499,4 тонна ун, 12601 кг макарон,  23500 л өсүмдүк майы, 2036 кг күрүч, 3170 кг кумшекер, 1451 кг эт, 2315 кг картошка берилди. Жалпысынан 8427 үй-бүлөгө жардам берилди.  Бүгүнкү күндө облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 3 млн 348 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 5,9 тонна хлор, 92563 даана бет кап, 1843 л антисептик, 1565 даана коргоо кийимдери, 12126 даана кол кап берилди.

Мындан тышкары, Баткен шаарында Ас-Сафа Коомдук Фонду тарабынан жүз аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 кап ун, 500 литр өсүмдүк май, 500 кг кум шекер берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 518 тонна 970 кг тонна ун, 20 тонна 950 кг макарон, 19 тонна 12 л өсүмдүк майы, 11 тонна 336 кг күрүч, 66 тонна 171 кг кумшекер, 715 кг эт, 7 тонна 154 кг картошка берилди. Жалпысынан 13048 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 969 миң 220 сомду түздү.

Мындан тышкары, гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 578 тонна 865 кг хлор, 77270 даана бет кап, 2038 л антисептик, 1214 даана коргоо кийимдери, 161298 даана кол кап, 123 даана тепловизор жана термометр, 358 атайын көз айнек берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 197 тонна 649 кг ун, 3 тонна 862 кг макарон, 8 тонна 788 л өсүмдүк майы, 1 тонна 109 кг күрүч, 4 тонна 253 кг кумшекер, 556 кг эт, 67 кг чай берилди. Жалпысынан 2562 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 1 тонна 590 кг хлор, 91 348 даана бет кап, 1914 л антисептик, 10 150 даана кол кап берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча бардыгы болуп 1988 үй-бүлөгө жардам берилди.  Муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 73 тонна 850 кг ун, 2 тонна 100 кг макарон, 850 л өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг күрүч, 100 даана чай жана 500 кг кумшекер таркатылып берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 304,6 миң сомду түздү. Ошону менен катар «Айыл банк» ААК эмгек жамаатынан 5000 сомго муктаж үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг хлор 65180 даана беткап, 1403 л антисептик, 670 даана коргоо кийимдери, 3705 даана кол кап берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: