Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Алманбет Шыкмаматов жалган айтып жанын жебесин, сумкада 400 миң сом эмес, 2 млн сом акча болгон”

Бөлүшүү:

“Өткөндө мен 2010-жылы апрель революциясынын алдында Бекназаров менен Шыкмаматов Нарында менин үйүмдү штаб кылып жатышканын, 6-апрелге карата Бишкектен, Атамбаевден Нарынга деп бир сумка акча келгенде Бекназаров менен Шыкмаматов ал акчаны элдин керегине жаратпай экөөсү алып кетип калышканын айткан элем”, – деп билдирди бүгүн, 10-апрелде Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Алманбет Шыкмаматов “Бактыгүл эже  жалган айтып жатат, ал сумкада 400 миң эле сом акча болчу, 200 сомдуктан 20 пачка эле, ал акчага машиналарга май куйганбыз” деп мени жалганчы кылып жанын жеп жазып чыгыптыр. Мен акчанын суммасы жөнүндө унчукпай эле койдум эле, аны өзү көтөрүп чыгып, мени айтууга аргасыз кылып жатат. Мен тактоо киргизип коюшум керек болуп калды. Менин маалыматым боюнча ал сумкада 200 сомдук эмес, жалаң 1000 сомдук купюралар эле жана 2 миллион сом акча болгон. Анан Алманбет машиналарга май куйганбыз дейт, эмне, 2 млн сомго май куйду беле? Кичине кудайды караса болбойбу, калптын да чеги болот да. Ал күндөрү өзү айткандай заправкаларда бекер май куюп берип жатышкан. Менин эсебим боюнча Бекназаров менен Шыкмаматов ал 2 млн сом акчадан 50 миң сом гана Нарынга сарпташкан. Калган 1 млн 950 миң сомго отчет бериши керек. Анткени аны Атамбаев Нарынга деп берген да. Бекназаров менен Шыкмаматовго деп берген эмес. Азыркы коронавирус апааты учурунда Нарынга ошол акчага гумжардам жиберип коюшса жакшы болмок. Революциядан кийин экөө тең чириген бай болуп кетишти. Революцияга чейин аларга Нарындын эли керек, эми революциядан кийин Нарындын эли керек эмес болуп калдыбы? Бул мен айтып жаткан бир эле факт. Мындай фактыларды айта берсе Убактылуу өкмөттүн ичеги чубала берет ”, – деди Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: