Дүйнө жүзүндө таажывирусун жуктуруп алгандардын арасынан 100 миңден ашык адам өлүмгө дуушар болду. Бул тууралуу инфекциянын жайылышына мониторинг жүргүзгөн Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.
Таажвирусунан каза болгондордун эң көп саны Италияда – 18 849 миңге жакын катталган. Андан кийин АКШда – 17 925, Испанияда – 15 970, Францияда – 13 215, Улуу Британияда – 8 974.
Дүйнө жүзү боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 1,65 миллионго жетти. Анын ичинен АКШда – 475,7 миң адам, Испанияда – 157 миң, Италияда – 147 миң.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ