Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Түзүлгөн мындай шартта Евразия өнүктүрүү банкы менен Турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун күчөтүү керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев видеоконференция режиминде өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө товарлардын, өзгөчө азык-түлүктүн эркин кыймылын камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Буга байланыштуу жүк менен айдоочулардын убактылуу санитардык-эпидемиологиялык кыймылынын эрежесин кабыл алуу боюнча ишти биргеликте жүргүзүү сунушталат. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышынын таасирине байланыштуу орто мөөнөттүү мезгилге макроэкономикалык кырдаалдын болжолун даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу зарыл», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өнүктүрүү банкы менен Турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун күчөтүү керектигин белгиледи.

«Алар мүчө-өлкөлөргө кризистик кырдаалда гана эмес, ошондой эле кризистен кийин дагы  макроэкономикалык абалды калыбына келтирүүгө жардам берүү боюнча багытталган миссиясын аткарышы керек», – деди Премьер-министр.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жалпысынан 9 маселе каралды.

Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу Евразия экономикалык бирлигиндеги өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тема күн тартибинин маанилүү маселеси болду.

Жыйындын катышуучулары пандемия шартында ЕАЭБде макроэкономикалык туруктуулукту сактоого багытталган бир катар чараларды жактырышты.

Кабыл алынган документке ылайык бир катар ыкчам антикризистик жана турукташтыруу чаралары макулдашылган, аларда өз ара соодада күнүмдүк керектелүүчү товарларды ыкчам ташуу, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун кесепеттерин азайтуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды жүргүзүү, өтө маанилүү товарларга бажы алымдарынын коюмун жоюу максатында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүүсү каралган.

Документте ошондой эле экономиканы калыбына келтирүү жана мындан аркы өнүгүүсүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чаралар киргизилген. Аларда улуттук валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу баалардын өсүшүн алдын алуу боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу, улуттук (борбордук) банктардын ортосунда макроэкономикалык бекемдикти,

баалардын жана финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү камтылган.

Тараптар ошондой эле 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун талкуулашып, бир катар маанилүү жоболор сүйлөшүлдү. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин энергетика, финансы жана транспорт тармактарын тескеген тиешелүү министрликтерине сакталып калган пикир келишпестиктер боюнча бир катар жолугушууларды өткөрүү тапшырылды.

Ушул жылдын май айында өтө турган Жогору Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын кароосуна  киргизиле турган стратегиялык багыттардын долбоору боюнча документтентти талкуулоону дагы бир жолу өткөрүү үчүн тараптар 2020-жылдын 23-апрелинде дагы бир ирет жолугушмай болду.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү трансчек аралык электрондук соода жүгүртүү маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүүнү жана Еаэбдин эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө актыларды даярдоону камсыз кылуу тапшырмасын беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын болжол менен 2020-жылдын июнь айында өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: