Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыктары Ош шаарында, Чүйдө, Жалал-Абад жана Талас облустарында катталган.
Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринин балконунан өрт чыккан.
Талас районундагы Кеңеш айылында автоунаа толугу менен күйүп кеткен.
Ошондой эле, Ош облусунун Нариман айылында азык-түлүк саткан дүкөндө муздаткыч күйүп кеткен.
Учурда катталган өрт кырсыктарынын себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ