Бир сутка ичинде таажывирусунан айыкты деп 5 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Алардын ичинен:
-Ош облусунан – 1,
-Жалал-Абад шаарынан – 3,
-Бишкек шаарынан – 1.
“Жалпысынан таажывирусунан 44 адам айыкты” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 339 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ