Menu

Мадамин Каратаев: “Токмокто Балыкчы шаарынын тургунунан таажывирусу аныкталган”

Бөлүшүү:

Токмокто обсервацияда жаткан адамдан таажывирусу аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрель күнү өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Мадамин Каратаев суроолорго жооп берип жатып, таажывирусу аныкталган адам Балыкчы шаарынын тургуну экенин айтты.

“Ал Балыкчы шаарынын тургуну, бирок, биз вирустун аныкталган жерин каттоого алабыз. Аныкталган жери, Чүй облусунун Токмок шаары болуп эсептелет” – деп билдирди Мадамин Каратаев.

Ал таажывирусун жуктуруп алган бейтап изоляцияланып, Токмок шаарындагы ооруканада жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 339 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: