Өлкө боюнча таажывирус илдети менен 339 жаран жабыркап жатат. Ооругандардын арасында 15 жашка чейинкилердин саны 35ке жетти. Анын экөө 1 жашка чейинки наристелер. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 35 (анын ичинде 1 жашка чейинки 2 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 11;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 79;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 125;
– 56 жаштан өйдө – 89 адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ