25-марттан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарында 693 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөттүк брифингде Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Бишкек шаарында 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 693 кылмыш иши катталды. Анын ичинен 617 кылмыш иши ачыкка чыкты. Ал эми жасалма уруксат кагаздары боюнча 45 факт катталды. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө жана бул боюнча атайын кызматкерлер иштеп жатышат “,- деди комендант.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ