Menu

Нарында күйөөсү аялын тапанча менен атканда, анысы атылбай калса, жерден таш ала коюп башка ура баштаган

Бөлүшүү:

Үй-бүлөлүк зомбулуктун дагы бир коркунучтуу окуясы Кыргызстанда болду. Нарын облусунун Ат-Башы айылында бир киши аялын атып салууга аракет кылган, бирок тапанча иштебей калганда, башына таш менен чаап салган. Бул тууралуу журналисттерге кечээ, 10-апрелде “Теңдеш” кризистик борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыр тарткан аял аларга январь айында келген, бирок расмий түрдө февраль айында гана жардам сураган. Аялдын күйөөсү жүк ташып иштейт. Жолдошу аны дайыма сабай бергендиктен аял азырашууну чечкен. 

«Биз ага ажырашуу үчүн эмне кылуу керек, бул жөнүндө күйөөсү менен кантип сүйлөшүү керектиги боюнча юридикалык кеңеш бердик. Адвокатка жөнөттүк. Аял күйөөсү менен ажырашуу тууралуу арыз жазган. Бирок күйөөсү ажырашкысы келген эмес. Сот отуруму дайындалып, бирок ал кишинин келбей калгандыгына байланыштуу май айынын башына жылдырылган. Ушул убакыт аралыгында күйөөсү аялды кармап, бычак такап, ажырашуу арызын кайтарып албаса аны өлтүрүп койом деп коркуткан. Бул иш боюнча материал Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Эркек кишини кармашкан. Бирок сот аны кайра бошоткон ”, – деп белгиледи кризистик борбор.

Андан кийин, “Теңдеш” борборунун кызматкеринин айтымында, 8-апрелде аял дааратканага баратканда күйөөсү кармап алган. “Эркектин жанында тапанча бар болгон. Ал аялын атып салууну көздөгөн бирок тапанча иштебей калып оюу ишке ашпай калган. Андан кийин аялынын башына таш менен ура баштаганда туугандары ызы-чууну угушуп чуркап келишкен. Алар кишини коркута башташканда ал качып кеткен. Азыркы учурда аял ооруканада жатат. Анын колу, мурду сынган жана башка дагы көп жаракаттарды алган. Ал эми кылмышкер дагы деле табыла элек”,- деди ал.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, бирок эмнегедир шектүүнү кармашкан жок. Аялдын үй-бүлөсү коркунучта. “Теңдеш” кризистик борбору кылмышкерди кармоо үчүн Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн, облустук прокуратурадан жардам сурайт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: