Ош облусунун райондорунда өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 07:00гө чейин тартип бузган 10 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында эреже бузгандарга айып пул салынып, андан кийин үйлөрүнө жиберилген.
Ошондой эле, 25-марттан баштап 331 коменданттык сааттын эрежесин бузгандар кармалган. Ал эми 44 автоунаа айып төлөнүүчү жайга токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ