Menu

Токмок шаарында ички иштер органдары жугуштуу илдеттин тарашын алдын алуу иштерин улантышууда

Бөлүшүү:

Дүйнөгө жайылып жаткан короновирус (COVID-19) илдетин алдын алуу максатында, мамлекет тарабынан өзгөчө кырдаал жарыяланып, кийин өлкөбүздүн айрым аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген. Учурда Чүй облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режимдерин так сактап жугуштуу оорунун жайылышын алдын алуу багытында жумуштар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинде Токмок шаарынын ИИОнун кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү профилактикалык иштерди улантышууда.
Токмок шаарынын аймагына санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, 24 саат нөөмөт менен жумуш алып барышууда.

Андан сырткары Токмок шаарынын ИИОнун кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар тарабынан жөө кайгуул уюштурулуп, көчөдө жүргөн жарандар менен  түшүндүрүү иштери улантылууда.
Соода түйүндөрдө, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө ар дайым дизинфекциялап туруу зарылдыгы кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан байма-бай эскертилип, көчөдө топтошуп же себепсиз жүрбөөгө чакырышууда.
Эгерде азык-түлүк жана дары-дармектерге муктаждыктар болсо, бет кап тагынып көчөгө чыгуу зарыл экендиги жергиликтүү тургундарга жеткирилүүдө.
Учурда Чүй облусунун баардык аймагында жергиликтүү тургандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул жугуштуу оорууну биргеликте тартип жана тазалык менен алдын алууга мүмкүн экендиги жер-жерлерде коомчулукка жеткирилүүдө.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: