Menu

Коронавирус кыргыз коомчулугуна кандай таасир берди?

Бөлүшүү:

Акыркы 3 жуманын ичинде дүйнөгө тараган коронавирус биздин өлкөбүзгө да келип, элибизге, өзгөчө бала бакчага барган балдардан баштап, пенсиядагы чоң ата, чоң апаларыбызга чейин таасирин тийгизсе, бир учу чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарыбызга да таасир этти.  Буга байланыштуу мамлекетибизде 15-апрелге чейин карантин жарыяланды. Бул карантин  мамлекеттин экономикасынан тартып, ушул убакка чейин ишибиз болбогон медицина кызматкерлердин,  паракор деп күнөөлөп, ишенбеген милиция кызматкерлердин, араң сүйрөлүп келген жогорку окуу жайлардын, таштандыларды таштаган көчөлөрдүн баркын, баасын аныктап койду.   Күндөлүк турмуштун түйшүгү менен үйүндөгү балдарына, карыган ата- энесине, дос-тууганына убакыт  таппай жүргөндөрдү 2 жуманын ичинде ээсине келтирип, жашообуздагы тазалык менен тартиптин ордун көргөздү. Бул вирус ден соолуктун гана кадырын эмес сабырыбызды, адамгерчилик менен боордоштук сезимибизди дагы  ойготту.

Дуйнөнү дүрбөлөңгө салган илдет өлкөгө келгенден бери  аймактарда карантин жарыяланып, укканыбыз “колунду жуу, тазалыкты сакта, үйүңдөн чыкпа” деген сөздөр болуп, каратинди сактагала деп керээли кечке айтып  жатышат. Бирок  интернетти семичкедей чаккандардын “карантин” деген сөздү баамдабастан, “кокуй, бирөөгө жуктуруп албайын “ дегендин ордуна жайбаракат кыдырып журушу аталган илдет менен канчалаган адамдын ооруп калуусуна себепчи  болуп жатат. Ал гана эмес,  үйүндө отуруп зериккендердин  социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратып,  элди дүрбөлөңгө салуусу  оң жактан айдаган койдун сол жакка жайылып кеткениндей эле болду. Өлкөбүздө гана эмес, дүйнөдө дагы коронавирустун жайылышына дал ушул жарандардын кайдыгерлиги менен тартипти сактабаганы себеп болуп жатканын баарыбыз эле билип турсак керек.

Ак халатчандардын баркы менен баасы

Азыркы учурда медицина кызматкерлери  бул илдетти  жуктуруп алуу боюнча  биринчи орун да турушат.  Ушул нерсени ойлогондо алардын дагы үй-бүлөсү, балдары менен үйүндө, карантинде отурууга укугу жокпу деген  ой келет экен. Бирок  вирус менен күрөшүүдө аларсыз эч нерсе кыла албарыбызды баарыбыз эле баамдап жатабыз.  Жада калса айлыгы 50 миңден жогору болгон чиновниктер 5000 сомдон баштап айлык алган ак халатчандарга  көз каранды болуп отурат. Бул да болсо акыркы убактарда аларга орой мамиле жасап, ооруканага барып ызы-чуу салгандарга, мамлекеттик кызматкерлердин ичинен маянасы эң аз болуп, аларга маани бербегендерге берилген жооп болсо керек. Бул илдет, коомдо ырчы-чоорчулардын эмес, медайымдардын эмгеги жогору тураарын,  депутаттардын эмес  дарыгерлердин айлыгы көбүрөөк болуш керек экенин түшүндүрдү окшойт.  Эң өкүнүчтүүсү, оорудан айыктырат деп ишенгенибиз, эртерээк бул оорунун дарысын табат деп умут кылган догдурлар болуп жатканда ооруну  аларга  өзүбүз жуктуруп жатабыз. Акыркы маалыматтар боюнча илдетти жуктурган дарыгерлер өлкөбүздө 32 ге жетти. Өздөрүнүн милдетин аткарып жатып ооруп калгандарга 200 миң сом, ал эми кокус (Кудай сактасын) көз жумса 1 млн сом берүү тууралуу да өкмөт тарабынан малымат берилди. Бирок, адамзаттын ден соолугу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып күрөшкөндөрдүн эмгегин акча менен ченеп, баалай албаарыбызды баарыбыз эле аңдап, туюп турабыз. Бизге түшкөн жалгыз милдет  үйүбүздө отуруп, карантиндин эрежелерин сактоо жана башкалардын да  сакташын талап кылуу. Бул биздин медицина кызматкерлеринин эмгегин сыйлаганыныбыз, Ата журтка, дүйнөгө кылган жакшылыгыбыз, пайдабыз болсо керек.

Илдеттин күнгөй менен тескейи

Азыр интернетте айрыкча социалдык тармактарда колун  жуугандардын эстафетасы көбөйдү. Аларды көрүп, “Эл көрсүн” үчүн гана эмес, баардык убакытта да ушинтип колун жуушса экен деп калат экенсиң. Себеби азыркы кырдаал бизге колду жуунун, тазалыкты сактоонун  канчалык деңгээлде маанилуу экенин көрсөтүп турат. Негизи өлкөбүздө илдеттин жайылышына тазалыктын аткарылбаганы  эмес, адамдардын көкүрөгүн баскан өзүмчүлдүк, алыстан келгендерди көрүп коёюн деген ашыкча кең пейилдүүлүк себеп болуп отурат. Ошондой эле “эмне  болсо ошо болсун” дегенсип, эрежени сактабаган жоопкерчиликсиздик менен кайдыгерлик  дагы буга орток.  Алсак, борбор шаарыбызда айдоочу болуп иштеген жаран вирусту жуктуруп алганын байкабай, өзүнөн башка  үй-бүлөсүндөгү 6 адамдын дагы илдеттин жугузуп алышына себепчи болгон. Эң кызыгы Ош облусундагы жаран өзүнүн вирус  жуктуруп алганын жашырып,  эч кандай коопсуздук чараларын көргөн эмес. Анысы аз келгенсип  тууган –уругу, дос-таанышы менен аралашып жүрө берген. Булар ММК да жарыяланып биз билгендин бери жагы гана.  Коомубуздагы ушул сыяктуу көрүнүштөр жарандарыбыздын жоопкерчиликти сезишине, ооруган адам гана эмес, үйүндө отура албагандар дагы жооптуу экенин билишсе экен дегенден башка тилегибиз жок.

Ошондой болсо да баардык нерсенин билинген жана билинбеген жагы болгону сыяктуу бул оору бизге башка тараптан дагы таасирин тийгизди. Алсак, эң биринчи  карыган адамдардын, чон ата-энелерибиздин баркын билүүнү үйрөттү. Себеби статистикалык маалыматтарга караганда коронавирустан каза болгондордун көпчүлүгу карылар экени  жана  бул оору менен күрөшүүдө  салыштырмалуу күчү жетпей турганы айтылды. Балким, аты өчкүр илдетти  акыркы жылдары карылар үйүнүн көбөйүшүнө , ата- энесин уруп, өлтүргөн сөрөйлөрдүн жайылышына чара көрүү үчүн кагылган бир коңгуроо катары карашыбыз керек. Экинчиден, балдарына убакыт таппай жүргөндөргө берилген мүмкүнчүлүк болуп жатат. Чын эле арабызда экс вице премьер-министр Алтынай Өмүрзаковадай үйүндө отуруп балдарынын жашын эми билип жаткандар чекеден чыкса керек.  Азыркы коомубуздун абалы солгундап бара жаткан ата менен баланын, эне менен кыздын мамилесин бекемдеп, коомдогу ар бирибиздин, ата- эненин, баланын, жарандын милдетин  эске салды окшойт. Жарандык милдет демекчи, элибиздин бир-бирине камкор болуп, жардамга муктаждарга жылуу колун сунгандар дагы жок эмес.  Карантин учурунда  боордошторуна колундагысын бергендерди, бир нанын тең бөлүшкөндөрдү  жада калса, бекер бет кап тигип тараткандарды көрүп оору келгенде гана эмес, бакубат жашап турганда да уланса дейсиң. Ата-Мекенинен алыс, чет өлкөдөгү мекендештердин дагы  бири- бирине жардам берип, азык- түлүк, турак жай тарабынан колдоо көрсөткөнү  оору гана эмес, жакшылык дагы жугуштуу экенин далилдеди окшойт.

Күч органдарына күчүн көрсөткөндөр

Өлкөбүзгө өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилип, тартиптин канчалык деңгээлде маанилүү экени билинип жатат. Баарыбыз  ал тартипке баш ийип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган учур келди. Тилекке каршы,  тартипти көзөмөлдөгөн  күч органдарына күчүн көрсөткөндөр, аларды тоготпогондор да жок эмес. Дарыгерлер сыяктуу эле, тартип сакчылары дагы азыркы тапта коомубузга эң керек адамдар. Үйүн, бала-чакасын көрбөй, күндүн ысык суугунда талаалап жүрүшкөн милиция кызматкерлеринин илдет жеңүүдө, анын жайылышынан сактоодо опол тоодой мээнети бар экенин эч ким четке кага албаса керек. Бирок айрым мекендештерибиздин  эрежелерди бузуп, тартип кызматкерлерин ашата сөгүп, аларды коркуткандарды интернеттен баарыбыз эле көрүп жатканыбыз чын. УКМК да иштеген күйөөсүн бетине басып кыйкырган эже,  өтүүгө болбоорун билсе дагы  Баткенге шашылыш  байке, күчунө  ээ боло албай,  милиция кызматкерин жекеме жеке чыгууга чакырган жаран жөнүндө жаңылыктарды көрбөгөн адам болбосо керек . Мындай көрүнүштөрдү  угуп алып, мекенибиздеги милиция кызматкери менен жарандардын мамилеси сууп, сыйы кетип калганына зээниң  кейит экен.  Ушул абалды, азыркы кырдаалды биримдик жана тартип менен гана  жеңээрибизди көпчүлүк дагы да болсо түшүнө, сиңире элек окшойт. Балким мыйзамды сактоо, эрежелерди аткаруу мамлекетти сыйлоого барабар экенин, мекенчилдик төштү кагып сүйлөө менен эмес, тартипти сактагандык менен өлчөнө турганын биле турган учур келгендир.

Март бүтүп жаздын экинчи айы да келди. Бираз сабыр кылсак, балким, майрамга бай май айын жалпы элибиз, дүйнө жүзү менен жакшылыкта , аманчылыкта, ден соолукта майрамдайбыз. Азыр дүйнө жүзүнө сабыр, тазалык менен жоопкерчилик анан албетте үмүт керек болуп турат. Бул илдетти мамлекеттики же дүйнөнүкү катары эмес, ар бир адамга  келген ден соолуктун кадыры, сабырынын түбү, мекенчилдик сезимин ойготкон сыноо катары кабыл алышыбыз керек.  Дүйнөдө тынчтык, өлкөбүздө аманчылык, үй- бүлөбүздө ден соолук болсун үчүн, келгиле, тазалыкты сактап, тартипке бай ийип, мойнубуздагы жоопкерчиликти сезели!

Ширин Марат кызы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: