Menu

«Айыл банк» ААК жана «РСК банк» ААК «Элкарт» төлөм карттарын пайдаланууда пенсионерлердин жана жөлөкпул алуучулардын карталары боюнча комиссиялык төлөм алышпайт

Бөлүшүү:

«Айыл банк» ААК жана «РСК банк» ААК пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүнүн улуттук тутуму бюнча акчалай каражаттарды алуусу учурунда алардын картасы боюнча комиссиялык төлөмдөрдү албайт.

Аталган норма Кыргыз Республикасынын аймагында оротулган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда иштейт.

Ошентип, «Айыл банк» жана «РСК Банк» ААКтын терминалдары боюнча «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрү аркылуу пенсия берүүдө комиссиялык төлөм алынбайт.

Алыскы калктуу конуштарда жайгашкан шаймандарды кайрадан оңдоо үчүн убакыт талап кылынгандыктан, айрым учурда комиссиялык төлөм алынышы мүмкүн. Төлөм автоматтык түрдө алынса, комиссиянын суммасы мүмкүн болушунча тез арада кайрадан кардардын эсебине түшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: