Menu

Коронавирус – чычкан жылында чыккан чыйкан

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Рысбек Момбековдун  “Бул  жыл чычкан жылы эмес эле чыйкан жылы болду окшойт” дегенине кулагым чалып калган эле. Ойлоп көрсөм эл өкүлүнүн атканы чын эле окшойт. Жыл жанырбай жатып Австралияда чыккан тилсиз жоо миллиарддаган жаныбарларды жок кылса, Ирандагы кулаган учакттын кеспетинен 200гө чукул адамдын өмүрү кыйылды. Тамыры Кытай өлкөсүнөн тарап, тездик менен  жер жүзүнө жайылып жаткан коронавирус илдети жыл башынан бери миңдеген адамдардын жанын алып, дүйнөдөгү менмин деген державалардын жүрөгүнүн үшүн алууда. Аты жаман бул илдет кыргыз коомчулугуна дагы каарын төгүп, кесепетин тийгизип жаткан учуру. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бүткүл адамзат чычкан жылында чыккан  чыйкан менен күрөшүп жаткан чагы.  Адамзат менен  жогоруда аталган оорунун ортосундагы төрт айдан бери созулуп келе жаткан согуш качан жана кантип аяктары бүдөмүк бойдон калууда. Коронавирус илдетинин өлкөбүздө таралышы коомчулукта чуу жаратып, элди дүрбөлөнгө салып, жашоону биз күтпөгөн нукка буруп  койду.

     Илдеттин жайылышы: Жоопкерчиликсиздиктин кесепети

Өпкөнү сезгенткен илдеттин капташы  тынымсыз аракетте болгон турмушка чектөө киргизип, карантиндик жашоого өтүүгө мажбур кылды. Башка түшкөн бул балээден кутулуунун эң эле эффективдүү жолу карантин экенин адистер какшап айтып жатса дагы аны капарына албаган, жоопкерчиликсиз, кайдыгер адамдардын айынан бүтүндөй бир коомчулук жабыр тартууда. Муну далилдөө үчүн алыска баруунун кажети жок. Өлкөбүздө болуп жаткан окуялардан ала турган болсок , чет өлкөдөн келген айрым жарандардын жоопкерчиликсиздиги ачык-айкын далилдеп койду.

Ооба,элибиз мейман дос келип, сапарга чыгып келсек тууган-урук, дос-чар, кошуна колоңдорубузду чакырып, той  берип, көргөн-билгендерибизди  жакын санаалаштарыбыз менен бөлүшкөндү жакшы көргөн калк экенибизди тан албайбыз. Бир таанышыбыз чет жактан келсе же сыркоолоп калса аны зыярат кылууну милдет катары көрөбүз. Бул кыргыздардын кеңпейил, тууганчыл  экенинен кабар берери айкын.

Анткен менен дал ушул  той береп, зыярат кылуунун айынан, өкмөттүн илдетти алдын алуу иш чараларына кайдыгер карап, кол шилтеген жарандарыбыздын кесепетинен ооруну жуктуруп алган бейтаптардын саны күндөн-күнгө артып жатканына күбө болуудабыз.  Оорунун жайылышына мамлекетти күнөөлөп, “иштебей жатат” деп  бийликти сындап, акылман болуп чыга келгендер андан көп. Албетте өкмөттүн алдын алуу иш аракеттеринде чабалдыктар болгонун жашыра  албайбыз. Мисалы  чет жактардан келгендерди  текшерүүдөн өткөрүүдө кемчиликтер кеткенин моюнга алышыбыз керек. Кытай коңшу мамлекет болгондуктан  жана вирус дүйнөнү каптап жаткандыктан  илдеттин өлкөбүзгө келүү ыктымалдуулугу жогору эле. Ошондуктан каралган чараларга дыккат көңүл буруу өкмөттүн мойнундагы иш  эле. Деген менен биз өзүбүз жаран катары жоопкерчилигибизди сезип, мамлекетке колдоо көрсөтүп жатабызбы деген суроо туулат.

Менимче коронавирустун дүйнө жүзүндө  өкүмүн сүрдүрүп жатышындагы биринчи себеп адамдардын жоопкерчиликсиздиги. Үй карантинине алынганына карабай, айтылган эрежелерди бузуп тууган-туушканын чакырып той өткөрүү жоопкерчиликсиздик эмей эмне? Жарандарыбыз кайдыгер карап, жоопкерчиликти сезбей жатса байкуш өкмөттү “ Эч нерсе колуңардан келбейт”деп  эмнеге каргап-шилейбиз? Өкмөттүн алгач мектеп окуучуларын жана студенттерди карантинге алып,үйдөн чыкпай отуруусун талап кылганына карабай, окуучулардын интернет клубдарында ойноп жүрүүсү, студенттердин карантинди каникул катары кабыл алып көчөлөрдө сейилдөөсү жоопкерчиликсиздик эмей эмне?

Өзгөчө кырдаалдын шарттарына баш ийбеген жигит сөрөйлөрдүн түн ичинде борбор калаанын көчөлөрүндө мас абалында жүрүшү жоопкерчиликсиздик эмей эмне? Ооруну жуктуруп алган айрым бейтаптардын кимдер менен малиледе болгонун, ал гана эмес өздөрүнүн илдетке чалдыкканын  жаап-жашыргандары жоопкерчиликсиздик эмей эмне? Мына урматтуу окурман, айрым адамдардын жоопкерчиликсиздигинин кесепети бир карын майды бир кумалак чиритет болуп бүтүндөй коомчултун жабыркоосуна жол ачты. Элибиздин “Кудай сактасын” деген жакшы бир төл сөзү  бар.  Бул сөздү көп колдонгонубуз менен кудайдын дагы сактанганды сактай турганын көпчүлүгүбүз унутуп койгондойбуз. Кеч болуп кала элегинде “Оору мени эле карап туруптурбу, кудай сактасын,” деп кол шилтегенге  чекит коюп, жоопкерчиликтүү мамиле кылып, илдеттен сактануунун эрежелерин так аткарууга өтөлү, урматту окурман!.Мындай катаал кырдаалда сиздин өмүрүнүз менин, менин өмүрүм сиздин колуңузда. Ошондуктан өз өмүрүбүздү сактасак өзгөнүкүн дагы сактайбыз. Учурда жаран катары карантиндик шарттарды аткарып, өзгөчө кырдаалдын талаптырын түшүнүү менен кабыл алып, үйдөн чыкпаганыбыз өлкөбүзгө кошкон эң чоң салымыбыз. Мамлекет ар бир жаранынын жоопкерчиликтүү мамилесине муктаж болуп турган учуру.

           Жакшылыктын көрсөтүлүп жайылышында эч айып жок

Аты шумдук таажывирус илдети элибиздин түшүнүгүнүн, ой жүгүртүүсүнүн канчалык деңгээлде экенин  билдирип, анык жүзүбүздү ачты көрүнөт. Кырдаалдан пайдаланып  социалдык тармактардан ар кандай жалган маалыматтарды таратып, акылга сыйбаган билдирүүлөрдү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө салган айрым жарандардын кылыктары жанды кашайтса, кайдыгер карабай жардамга муктаждарга  колун сунган кайрымдуу адамдардын бар экени жүрөктү жылытат.

Негизинен адамга эмне жагарын билип болбойт сыяктуу. Кайрымдуулук кылган ыктыярчы жарандарга ыраазы болгондун ордуна  “кокуй жөн гана хайп үчүн жасап жатышат деген” өңдү терс өңүттөгү ой пикирлерди калтырып, талкуу жараткандар  интернет айдыңында миңдеп саналууда. Ошол үйүндө жанбаштап жатып алып “Хайп” дегендер өздөрү жашаган аймактагы жетим-жесирлерге, колунда жок кембагалдарга азык-түлүк алып барганды мындай койсун, ал-акыбалын билип койгонго жарады бекен деген ой келет.  Мүмкүнчүлүк болуп турса жардамга муктаждарга кайрымдуулук кылып, аны башкаларга көрсөткөндүн эч айыбы жок.  Негативдүү ой жүгүртүү кыргыз коомчулугунун дээринде барбы билбейм, айтор кандай гана жакшылык иш жасалбасын жумурткандан кыр издеп,  дароо анын кемчиликтерин чукуп чыгууга ашыга турган жөндөмүбүз катуу өөрчүгөнү көрүнүп турат. Кайрымдуу адамдар жасаган иштерин “эл көрсүн” үчүн эмес, “жакшы иш башкаларга дагы жукса экен” деген максатта социалдык тармактарга  чыгарып жаткандыгын эмне үчүн ойлобойбуз? Кантсе да Нуржигит Кадырбеков айткандай жаманды айпай жоюп, жакшыны айтып жайганыбыз миң эселеп пайдасын берет  эмеспи.

Жакшылыктын айтылып, көрсөтүлүп жайылышы жугуштуу болуп, коомчулукка руханий дем берип, адам баласын жакшы жакка үндөрү чындык. “Коронавирус саясий оюн”, “ Мен ооруган эмесмин, мени мажбурлап эле алып отурушту”деп  WhatsApp, Facebook, Yutube сыяктуу социалдык тиркемелер аркылуу билдирүү тараткан чагымчылдардын, же кырдаалдын пайдаланып карапайым элге ар кандай дары-дармектерди сатууга аракет кылгандардын кайрылуусун  көрүп, угуп, окуп убакыт короткондон көрө,  кайрымдуу жарандарыбыздын жасаган иштеринен үлгү алып, аларга жакшы сөздөрүбүздү айтып, моралдык жактан дем- күч берип турганыбыз мен үчүн,сиз үчүн жана бүтүндөй коом үчүн алда канча пайдалуу деп ойлоймун, урматтуу окурман!

  Коронавирус адамзатка берилген сыноо

Тилекке каршы илдеттин  өлкөбүзгө жайылышы менен учурдан пайдаланып калууну көздөгөн ынсапсыздар четтен чыкты. Чу дегенде эле соодагерлер ундун баасын көтөрсө, студенттер карантинге чыгып үйлөрүнө кайткандыктан аймактарга каттаган айдоочулар жолкирени эки эселеп жогорулатып алышканын оштук группалашымдан уктум. Андан кийин  Республиканын айрым аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланганынан көп өтпөй блокпосттордо  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалган айрым кызматкерлер бар экенин бир таанышым айттып калды. Анын айтымында агасы жуманын аягында балдарын айылдагы ата-энесине жеткирип, мамлекеттик кызматкер болгондуктан шаарга кайтып бара жатса блокпосттогу кызматкер өткөрбөй, акча талап кылган. Кечээ күнү эле коменданттык саат учурунда милиция кызматкеринин окуучу кыздан акча талап кылып, бербесе жынысттык катнашка барарын айтып, секелек кызды коркутканы коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Дүйнөнү каалашынча астын-үстүн кылып жаткан бул оору, балким адамзаттын пейилинин бузулушунан, ынсапсыздыгынан, ыплас иштерге баруусунан улам, сабак катары кудайдын адам баласына берген сыноосудур.

Коронавирус илдети адам баласына кадырын билбей жүргөн нерселерди баалай билүүгө үйрөтүүдө. Демейде мектепке баргысы келбеген окуучулар партада отуруп,сабак жазганга, иштегендер эрте туруп жумушка барганга зар болуп отурган чактары. Элдин Каалаган жагына барып, көчөлөрдө сейилдөөнү сагынганын, социалдык баракчаларда “карантин бүтсө эле сейилдейм “ деп бөлүшкөндөрдөн байкасак болот. Капастагы булбулдай карантинде камалып жатып эркиндикти сагындык. Эң негизгиси эркикдик адам баласына берилген бакыт экенин түшүнгөндөйбүз. Дагы бир аз чыдап койсок, дүйнөнү каптаган бул илдетти биримдик, ынтымак, тилектештик менен жеңип, демейдегидей бейкапар жашообузду кайрып ала турган күндөр алыс эмес . Мен сиз үчүн, сиз мен үчүн баарыбыз коом үчүн күрөшүп бул ооруну жеңебиз.

Табылды Мырзабеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: