Menu

9-апрелде республика боюнча 35-10(6) кВ тармактарында 40 авариялык өчүүлөр орун алып, ыкчам түрдө кайрадан ишке киргизилген

Бөлүшүү:

Өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдар шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен энергетикалык компанияларга абоненттердин карызы болгон учурда электр энергиясын жана ысык суунун берилишин токтотпоо тапшырылды.

Белгилүү болгондой, калың түшкөн кардан, шамалдан, селдерден улам, анын натыйжасында бактардын жана устундардын кулашы, электр өткөрүүчү линиялардын үзүлүшүнүн натыйжасында 2020-жылдын 9-апрелинде республика боюнча 35-10(6) кВ тармактарында 40 авариялык өчүүлөр орун алган, анын ичинде:

– Чүй облусунда 12 өчүрүү;

– Бишкек шаарында 1 өчүрүү;

– Талас облусунда 8 өчүрүү;

– Ысык-Көл облусунда 9 өчүрүү;

– Нарын облусунда 4 өчүрүү;

– Ош облусунда 3 өчүрүү;

– Жалал-Абад облусунда 3 өчүрүү орун алды.

Авариялык кырдаалды жоюу үчүн көчмө ыкчам бригада жергиликтүү коммуналдык кызматтардын жардамы менен калыбына келтирүү иштерин аткарышты. Электр тармагындагы акыркы бузулуу 2020-жылдын 9-апрелинде саат 23.40 чамасында оңдолгон.

Учурда электр энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорун электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча башка чарбалык субъектилер менен өз ара кызматташуу бекитилген тартипте ишке ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, күнүгө өлкө боюнча энергетика түйүнүндө авариялык өчүрүүлөр болууда. Бул тармактын ыкчам оңдоо жана көчмө ыкчам бригадалары авариялык зыянга учураган жерге кандай гана убакыт болбосун барып, аны оңдоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: