Menu

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорацияга байланыштуу бардык суроолор үчүн министрликте ыкчам байланыш кызматы иштеп жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинде ыкчам байланыш кызматы иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация маселелери боюнча 0701881008 телефон номери аркылуу күнү-түнү байланышса болот.

“Биздин фермерлер жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүп алыш үчүн, бардык облустар боюнча координаторлор, ошондой эле комендатура менен кызматташкан министрликтин алдында штаб бар” – деп билдирди министр.

Ал ошондой эле, “Айыл чарбасын каржылоо – 8” программасынын алкагында жеңилдетилген насыялар берилип жатканын кошумчалады.

“Айыл банк” жана “РРС банк” аркылуу 525 миллион сом насыя берилди. Белгилеп кетсем, азыр банктар иштеп жатат жана фермерлер насыя алуу үчүн кайрылса болот” – деп кошумчалады Эркинбек Чодуев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: