Menu

Бактыгүл Жээнбаева, Финансы министри: “Бюджеттин жылдык чыгымы 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

Пандемиянын кесепеттери коомдук турмушубуздун дээрлик бардык тармактарына терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада, дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө, анын ичинде Кыргызстанда да жагымсыз экономикалык жагдай жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрель күнү Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө, жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн. Ошол эле убакта COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн”, – деп билдирди министр..

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: