Menu

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева ЭВФ, АӨБ жана Дүйнөлүк банк тарабынан берилген насыялардын шарттары жөнүндө айтып берди

Бөлүшүү:

КР Финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырат.  Бул тууралуу бүгүн, 11-апрель күнү Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Финансы министрлиги гранттарды жана насыяларды мүмкүн болушунча эң төмөнкү пайыздык чен менен жана мүмкүн болушунча узак убакытка тартуу максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансы институттарына жана донорлорго кайрылган.

“Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү – 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл. Жогоруда белгилеп өткөндөй, ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы –0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет. Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар” – деп билдирди министр.

“Өкмөт тек гана жеңилдетилген кредиттерди тартып келбестен, аларды гранттары менен кошо да тартып келүүдө. Жеңилдетилген каржылоону тартып келүү, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ. Акча каражаттарын туура пайдалансак, ал туруктуу инклюзивдик өсүшкө жетүүгө жардам берет” – деп кошумчалады Бактыгүл Жеенбаева.

Анын айтымы боюнча, каржылоо 3 багытта тартылууда: – бюджеттик колдоо багыты,  COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттар жана бизнести колдоо үчүн каражаттар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: