Menu

Жалал-Абад облусунун Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда жол көзөмөлчүлөр коронавирус илдетин алдын алуу максатында комплекстүү иш чаралар өткөрүүдө

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдын алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер жолдогу коопсуздук менен эле бирге жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Учурда, Аксы районунда башка район-шаарлар менен байланышкан 3, Ала-Бука районунда 6 жана Чаткал районунда 3 жерде санитардык- карантиндик посттор уюштурулуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана райондук ИИБнин кызматкерлеринен, ӨКМ, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен, жана ыктыярдуу кошуундардан турган топтор менен биргеликте посттордо кызмат өтөөдө.
Өзгөчө кырдаал киргизилген убакыттан баштап кызматкерлер жарандарга алдын алуу боюнча туруктуу негизде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүдө. Район аймактарына кирип чыгуучу автоунааларды дезинфекциялоо жүргүзүлүп, азык-түлүк, дары-дармек, жергиликтүү жашоочулардын күнүмдүк муктаждыгын жараткан товарларды ташыган жүк ташуучу автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсү көзөмөлгө алынууда.
Ошондой эле жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор уюштурулуп, автоунаанын жүрүүсү чектелди. Ал эми, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан кыймылдап жүрүүчү топтор түзүлүп жергиликтүү жашоочуларга коронавирустук жугуштуу илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында көчөлөрдө автоунаалардын максатсыз айдоосу, зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышы, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкты сактоосу, бет капсыз көчөгө чыкпоосу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш алып барып жаткан бардык кызматкерлери зарыл болгон бардык атайын коргонуучу кийимдер, бет каптар, кол каптар жана антисептиктер менен камсыздалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: