Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздер абдан баалуу!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

«Медициналык кызматкерлердин ырааттуу ишисиз алдыга коюлган максаттарга жетише албайбыз. Сиздердин эмгегиңиздерге жараша коронавирус инфекциясынын жапырт жайылышынын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал үчүн бардыгыңыздарга чоң ыраазычылык билдирип кетем. Коронавируска каршы күрөшүүдө сиздердин ролуңуздар зор, ал эми эмгегиңиздер баа жеткис», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы оору жугузгандардын арасында медициналык кызматкерлер да бар экендигин терең өкүнүү менен белгиледи.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагынын 51 кызматкери өз өмүрү үчүн күрөшүүдө. Аларга оору жугушу боюнча кырдаалды иликтөө боюнча өзүнчө иликтөө өткөрүлөт. Оорулууларды дарылоо учурунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Алар каза болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилет. Ошол эле учурда Эмгек кодексинин нормаларына ылайык, медицина кызматкерлери бекитилген нормада башка төлөмдөр менен камсыздалат. Муну менен катар медицина кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун коргоо үчүн аларды коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча бардык иш-чаралар кабыл алынууда», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күндө өлкөдө жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

«Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жооп берген жеке менчик клиникалар жана алардын кызматкерлери, лабораториялар менен кызматташууга даярбыз. Калк арасында дагы жардам берүүнү каалагандар көп. Бул жерде финансылык каражаттар тууралуу сөз болууда. 2020-жылдын 8-апрелине карата буга чейин ачылган эки эсепке 123 млн сомго жакын акча түштү. Анын баары медицинага багытталат. Ачык-айкындуулук үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кирген атайын комиссия түзүлгөн. Колдонулган ар бир сомго катуу отчёт берилет. Биринчи траншы – 38,5 млн сом – дарыгерлердин жана медайымдардын айлыгына кошумча төлөм катары жумшалды», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Учурда 30 миңге жакын коргоочу костюм менен комплекттер бар, ошондой эле санитардык коргоочу каражаттар менен дары-дармек жетиштүү санда. Гуманитардык жардам катары полимераздык чынжыр реакциясын өткөрүү үчүн экспресс-тесттер менен комплекттер келди жана  сатылып алынды. Үч нөөмөттө иштеген 9 лабораторияда анализдер текшерилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: