Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө 183 млн сом жумшалды

Бөлүшүү:

Кошумча бөлүнгөн 340 млн сомдун  183,395 млн сому коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жумшалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине дээрлик 173 млн сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эсебине – дээрлик 3 млн сомдон ашык акча, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине – 769 миң сомго жакын, Транспорт жана жолдор министрлигине –

94,5 миң сом берилди. Калган 116,6 млн сом жогоруда айтылган министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын бөлүнгөн 40 млн сом максаттуу багыттарга колдонулууда», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөдө бул инфекциянын бул түрү үчүн каршы вирус иштелип чыга электигин эскертти.

«Ошондуктан биздин медицина кызматкерлер буга чейин топтогон бардык тажрыйбасын колдонуу менен бул дартка каршы күрөшүп жатышат. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 339 адамды түзөт. Алардын 43 %  – бул алып жүрүүчүлөр, калган 57 % – бул байланышта болгондор. Учурда 299 жаран ооруканада, 5 киши медицина кызматкерлеринин аракетине карабастан, каза болду. Биз алардын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Бул илдеттен 44 жаран сакайды. Бул жаман да жаман эмес», – деди Өкмөт башчы.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө 1113 адам обсервацияда кармалууда.

«Жалпысынан алганда башында 53 752 адам үй карантининде болгон, анын 20 436сы учурда карантинден чыгарылган. Калган 33 316 адам үйүндө врачтардын кароосунда. Айта кетсек, күчөтүлгөн режимде иштеп жаткан врачтар жана медайымдар тийиштүү коргоочу медициналык каражаттар жана дары-дармектер менен камсыздалган. Айлык акылары өз мөөнөтүндө берилүүдө. Лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү жана оорулууларды дарылоо үчүн зарыл каражаттар, анын ичинде, жасалма дем алдыруучу аппараттар да бар. Тамак-аш менен камсыздандырууда көйгөйлөр жок», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: