Бүгүн, 12-апрелге карата Кыргызстанда дагы 38 адамдан таажывирус табылды, эми алардын жалпы саны 377ге жетти. Бул тууралу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 12-апрелде өкмөттүк брифингде билдирди.
Жаңы такталган бейтаптар:
– Нарын облусунда – 13;
– Ош шаарында – 12;
– Бишкек шаарында – 5;
– Чүй облусунда – 3;
– Ош облусунда – 3;
– Ысык-Көл облусунда – 2;
Кыргызстан боюнча бейтаптардын жалпы саны 377 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ