Menu

Видео – Мавлян Аскарбеков: “Атамбаев өзүнүн ойношун СДПКнын тизмесине 5-кылып киргизип, депутат кылгысы келген… ошондуктан жыныстык жана башка квоталарды токтотуш керек”

Бөлүшүү:

“Мен Улуу Британияга 2005-жылы кеткем. Кыргызстандагы коомдук-саясый иштерди дайыма окуп-билип турчумун. Анда мындай мүмкүнчүлүктөр жок эле. Онлайн аркылуу өзүңдүн позицияңды так билдирип турганга. 2005-жылкы саясый төңкөрүштөн кийин бизде жаңы үмүт, келечек болот экен, мамлекет өзгөрөт деген үмүт пайда болгон. Бирок зөөкүр, ууру коорупционерлердин тобу ал үмүткө суу сээп, мен Кыргызстанга экинчи келбейм деп Улуу Британияга чыгып кеткем”, – деп билдирди 9-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков өзүнүн facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу.

“Мен сиздерге бир кызык маалымат айтып кетейин, бул маалыматтарды сиздер эч жактан укпайсыңар, бул так болгон факты: 2007-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Мына ошол шайлоого Атамбаев өзүнүн ойношун СДПКнын тизмесине 5-кылып киргизип, Жогорку Кеңешке депутат кылып алып келем дейт. Саясатта, коомдук иште эч тажрыйбасы жок адамды Атамбаев өзүнүн жеке партиясы менен парламентке тизмедеги 5-катар менен алып келем деп тизме түзө баштайт. Бул маалыматты Арслан Сартбаев тастыктап бере алат. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов тастыктап бере алат. Биздин арам акчага байыган кландардын башчылары, саясатчылар мамлекетти уурдап-тоноп, мамлекетти чоң оюнчукка айландырып алды. Балдары, аялдары, тууган-туушкандары, шоопурлары, жан сакчылары, анан андан өтүп ойношторун да саясатка алып-келип көнүп калышкан..,” – дейт акимдин орун басары Мавлян Аскарбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: