9-апрелде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында, КР жараны, Ош областынын Кара-Суу районунда туулган С.Н. аныкталды.
Такталган боюнча, С.Н. соцтармактарда улуттар аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштырган.
Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды.
Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды.
Тергөө жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай чагымчыл жана башка улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ