Menu

Саламаттык сактоо министрлигине «Алтынкен» ЖЧКсынан гуманитардык жүк тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн «Алтынкен» ЖЧК алтын кен иштетүүчү ишканасынан гуманитардык жүктү тапшыруу иш-чарасы өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь,  «Алтынкен» ЖЧКсынын жана «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги катышты.

Гуманитардык жардам иретинде 5000 даана медициналык көз айнек, 25 000 жуп кол кап, 10 000 комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана портативдик тепловизор берилди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытай Эл Республикасынын достош элине жана «Алтынкен» ЖЧК жетекчилигине республикада жайылган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы өздүк коргонуу каражаттарына муктаж, алар алдынкы катарда ооруга кабылган жарандардын жанында түздөн-түз жүрүшөт. 200 миң АКШ доллары суммасына Саламаттык сактоо министрлигине медициналык көз айнектер, кол каптар, коргонуу кийимдери, ошондой эле термометр жана тепловизор түрүндө көрсөтүлгөн өз убагында болду. Биз терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Алтынкен» ЖЧКсынын өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон активдүү салымын жогору баалайт», – деди вице-премьер-министр.

Ал элчи Ду Дэвэнге гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселелерин чечүүдөгү жеке жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кытай элчиси өз кезегинде кытай тарап коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: