Menu

Аида Касымалиева, вице спикер: “Ошто коронавируска чалдыккан дарыгерлердин кан аралаш жөтөлгөндөрү, сүйлөй албай калгандары бар. “Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак” деп ыйлашты”

Бөлүшүү:

Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп чыктым.

Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр бар. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! “Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!”, – деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер.

Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде спец форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт.

Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин “ажы тойго барган” деген маалыматты тараткан чиновниктери жазасын алууга тийиш . Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралат. Расмий түрдө Өкмөткө, штабка да кат менен кайрылдым.

Компенсация төлөбөй коюу максатында да врачтардын өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди “унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат” деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштениздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт.

Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок. Мен тактай алган дарыгерлер менен баарлаштым.

Аида Касымалиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: