Menu

Чолпонбек Абыкеев: “2010-жылы апрелде Шыкмаматов ГРСке чоң болуп келип, “Роза апчебиз сизди кызматтан кетсин деди” деп мени кетирди, көрсө бир эргул ага $5000 берген экен”

Бөлүшүү:

7-апрель 2010-жылда…
Анда Мамлекеттик Архивде директор болуп иштечүмүн. Көлдө командировкада жүргөн элем. 7-апрелде “Бишкек тынч эмес”- дегенди угуп шашылыш шаарга жөнөдүм. Жолдо, Чолпон-Атада, Балыкчыда эл топтолуп көчөгө чыгып атканын көрүп келдим. Саат 17 де (5 те) Бишкеке келсем Ала-Тоо аянтында эл толо экен. Түз эле архивге келдим. Келсем эшик тоскон эки кароолчудан башка эч ким жок. “Жетекчилер, иштегендер кайда кетишти?”- десем. “Эл көтөрүлүп атат. Талап тоноо болсо бизге да келип ур тепкиге алышат”- дешип качып кетишти”- дешти кароолчулар.
“Чын эле мародерлук башталса архивке да келишпесин”- деген ой кетти. Үйдөн балдарымды чакырдым. “Жок дегенде 5-6 дан классташтарыңарды ээрчитип келгиле”- деп. Анда улуусу мектепти жаңы бүтүп, кичүүсү жогорку класста окуучу. Архивте иштегендердин ичинен өзүм өтө ишенген Жумабай Бечековду чакырдым. Азыр Бишкек шаардык архивин жетектейт.
Баш аягы 5 миллон сомго жаңы эле алган акыркы үлгүдөгү басма техникалар, компьтерлер бар болчу. Ушуларды тонотуп жибербейин деп корктум. Балдар бир саатын аралыгында эле жетип келишти. Андайда убакыт токтоп калат экен. Алар келгиче жаным калган жок. Ала-Тоо аянты болсо тарса-турс боло баштады. Болгон техниканы, көзгө көрүнгөн кымбат деген буюмдарды бүт жертөлөгө ташыттырдым. Жертөлөдө каралбай калган дайыма бек турган таштанды чогулткан бир бөлмө бар болчу.Ошол жакка ташытып жыйдырдым да оозун кайра таштанды үйдүрүп эшигин деле бекиттирбей кыйгач ачык кылып койдум.
Окуяны кыскартып жазсам түнкү 10 дор чамасында “Топтошкон балдар архив кайда деп издеп келатышат”-деп менин эл арасына атайын жиберип “Кабар алып, мага жеткирип тургула” – деген балдарымдын бири чуркап келди. Ага чейин Генпрокуратура өрттөнгөн. Тегеректеги министрликтер, өкүмөттүк ишкана мекемелер бүт тонолгон болчу. Астыларынан тосуп чыктым. Болгону 15-20 дай балдар экен. Аларды сүйлөтпөй эле өзүм сөз баштадым. “Балдар. Бул мекемени архив дейт. Бул жерде саргарган эски кагаздардан башка эч нерсе жок. Колго алаар бир да кымбат буюм жок. Элдин тарыхы сакталат. Ал баарыбызга керек. Ишенбесеңер көрсөтөм. Болгону баарың кирбегиле. 2-3дү шайлагыла алып кийирип өзүм көрсөтөйүн”- дедим. Макул болушуп 3 өкүл шайлашты. Алып кийирип бүт кыдыртып көрсөттүм. Тиглердин бири мурда архивде болгонсуп түз эле баягы кымбат техникалар турган кабинеттерди карашса таң калып калдым. Арманы жок карап текшеришти. Колго илинер эч нерсе таппаган соң сырта калгандарына чогуу барып тигилер “Эч нерсе жок экен”- дешти. Ичинен нааразы болгондор “Кымбат техникалар бар дешпеди беле”- деп чыгышты.
Ошондо түшүндүм архивде иштегендердин бири болгондо да жетекчиликте ишегендерден буларга көрсөтмө бергенин.
“Ооба бар болчу. Аларды бүт машинага жүктөп шаардын сыртындагы бир таанышымдыкына жеткиртип салгам. Ал жакка бара албайсыңар. Барсаңар кароолчулары бар үй. Жеке менчикке кол салды деп атышат”- дедим. Тигилер биртопко өз ара күжүлдөшүп турушту да тарап кетишти.
Анан эле архивде иштеген күндүз качып кеткен эки эргул акактап жетип келди. “Эмне болдуңар? Бизди тоношкон жокпу?”- дешип Кабинеттерди кыдырып көрүшүп “Техникалар кайда?”- дешет. “Сыртка ташытып кеткем”- деп койдум. Шыпшынып “Ырас кылган турбайсызбы”- демиш болушту. Көрсө тигил келгендердин ичинен телефон чалышса керек. “Калп айтыпсыңар. Кымбат техника эмес таш да жок экен”- дешип. Кийин бары тынчыганда жертөлөдөн алып чыксам тигилер күйүп кетти го чиркин.
Ошентип жаңы алганыбызды, мурда барларын кошкондо 6 миллиондон ашык архивдин техника, компьтер, буюмдарын сактап калдык. 4-5 күн бүт тынчыганча архивден кеткен жокмун.Ошол жерге конуп, ошол жерде тамактанып чыкпай отурдум.
Кийин имиш-имиш менен угулду көптөгөн мамлекеттик мекемелер, министрликтер өздөрүн -өздөрү эле тоношкон экен.
ГРС ке чоң болуп Шыкмаматов келди. Чакырып айтат. “Сени жогор жактан Роза апчебиз баш болгондор Бакиев менен иштешкен, кызматын тапшырып кетсин деп атат”- деп. ” Ошолдордун кимиси Бакиев менен иштешкен эмес экен. Биринчи ошону тактагылачы. Мен эле Бакиев менен иштешип, ушул архивди чоң орун көрүп маани берип калсаңар кетейин”- дедим да арызымды жазып кетип калдым. Кийин уктум жогор жактан эч ким деле мени “Кетсин”- деген эмес экен. Жанагы “архивди тонотсом”- деп жүгүргөн эргул 5 миң доллар бере салса мени “Кет”- деп атыптыр. Жүздөрү курсун. Ошентип 9 жылдан бери бошмун. Бакиев менен иштешкеним чын. Бирок анын менчик фирмасында иштеген жокмун. Мамлекеттик кызматта өз ишимди жакшы аткардым. Бакиевдердин мафиясына, Максимдин коррупциясына жолободум. Бир кемчилдигим алганды да бергенди да билбейт экенмин. Бүтүн штаны жок жүрүп Бакиевдин учурунда миллионер болгондор кийин Атамбаев менен иштешти. Эми Жээнбеков менен иштешип атат. Таза иштейм десең “чөнтөгүң да табагың да таза болуп” ишсиз жүрөт экенсиң. Мен билген 7-апрелдин жетишкен ийгилиги ошол.

Чолпонбек Абыкеев, Мамлекеттик архивдин экс-директору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: