Menu

Индиядан таажывирус жуктуруп келген Ысык-Көлдүн тургуну үйүндө кызы менен балдызына вирус жуктурган

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында таажывирусунун жуктуруп алуунун 2 жаңы учуру катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирген.

Жаңы учурлар 1990-жылы туулган жергиликтүү тургундун үй-бүлө мүчөлөрү. 30 жаштагы тургундан буга чейин таажывирусу аныкталган, эми анын 5 жашар кызынан жана 11 жаштагы балдызынан таажывирусу аныкталган.

Белгилүү болгондой, 30 жаштагы жаран 22-мартта Индиядан дааваттан Бишкекке келип, 3 күн обсервацияда жаткан. Андан таажывируска анализ алынып, жыйынтыгында илдет аныкталган эмес. Ошондуктан ал үй карантинине жөнөтүлгөн.

Ал Бишкек шаарынан Балыкчы шаарына чейин маршрутка менен келип, экологиялык посттон кийин таксиге отуруп, Каракол шаарына чейин барган. Бүгүнкү күндө ал жаран келген маршруткада канча адам бар болгону белгисиз.

30-мартта ал облустук бириккен ооруканасына обсерваторияга жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Караколго келген күнү кошуналарын үйүнө чакырып, коноктогон. Ошондой эле кичирайондо жайгашкан мечитке барган. Таажывирусун жуктуруп алган жаран сырттан келгенден кийин кимдер менен байланышта болгонун айтуудан баш тартып жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: